super.kg logo
  Саясат  

УКМК: "Ажылык сапарга баруучулардын тизмеси так эмес"

 

“Ажылыкка барууну каалагандардын тизмеси ушул убакка чейин такталган эмес, таза эмес”,- деди бүгүн, 6-сентябрда “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында УКМКнын 4-кызматынын жетекчисинин орун басары Акылбек Мажарипов. Айтымында, жыл сайын ажылык сапарга аттанардын алдында тизме жаңы түзүлөт. “Ажылык сапарга барууга тизмеге кирүү үчүн 1,5 миң доллар чогултулуп жаткандыгы тууралуу маалыматтар бар. Бирок мындай иш-аракеттерди ажылык сапарга барып келген адамдар айтпайт. Мындай абалдан айрым адамдар колдонуп жатат",- деди ал. Белгилей кетсек, жыйында муфтияттын өкүлдөрү банктык эсеп жабылганына байланыштуу ажылык сапарга баруу кечиктирилип жатканын айтышып, ажылык сапарга баруучулардын алгачкылары 17-сентябрда учарын билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: