super.kg logo

"Империя Пиццы", "Шашлычная №1", "Белес", "Тюбетейка"... Бишкекте санитардык талаптарды аткарбаган бир катар тамактануу жайлары аныкталды

 

Бишкек шаарынын санитардык инспекциясы санитардык нормалардын талаптарын аткарбай иштеп жаткан бир катар тамактануу жайларын аныкташты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, бул жолу санитардык тартипти бузгандардын катарына Бишкектеги "Live Bar", "Фрунзе", "Мира", "Ди-2", "Барскон", "Империя Пиццы", "Белес", "Шашлычная №1" чайханасынын эки филиалы жана "Тюбетейка" ресто-клубу кирген.

"Аталган жайларда 50дөн ашык кардар тейленип, буга кошумча санитардык эрежелер сакталган эмес. Ал эми кафе ээлерине бузуулар кодексине ылайык протокол түзүлүп, айып салынган. Мындай учурда физикалык жактарга 3 миң сом, ал эми юридикалык жактарга 13 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу каралган", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: