super.kg logo

Жалал-Абаддагы Өзбекстан менен чектешкен аймактагы жерлер такталган

 

Акыркы күндөрү Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун бир канча аянт жери коңшу Өзбекстанга өтүп кеткен деген кептер айтылууда. Бул маселе боюнча өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов брифинг учурунда маалымат берди.

"Сузак районундагы 61 чакырым жер тилкеси Өзбекстан менен чектешет. Бул жер тилкеси толук такталып, 2017-жылы Кыргыз-Өзбек чек арасы жөнүндө келишимдин негизинде Жогорку Кеңеш тарабынан ратификацияланган. Тагыраагы, бул жер тилкеси Өзбекстанга таандык тилке болуп эсептелет. Ушул жылдын 8-апрелинде атайын комиссия көрүп кеткен. Бүгүнкү күндө сөз болуп жаткан жер тилкеси боюнча делимитация иштери толук бүтүп, демаркация иштери калган. Тосуу жолдорун эки өлкөнүн мамлекеттик комиссиясы чогуу аныкташкан. Буга чейинки карталарда деле бул аянт Өзбекстандын жери болуп келген.

Жалпысынан Кара-Дарыя айылында 43 гектар жер бар, анын 37 гектары Өзбекстанга, 6 гектары Кыргыз өлкөсүнө таандык. 6 гектар жер тилкесин 4 Кыргыз жараны иштетип келет. Союз таркагандан бери кыргыздар жерди пайдалангандыгы үчүн салык төлөшкөн эмес. Бул биздин аймак эмес деп айыл өкмөтү дагы карамагына алган эмес. Ал жерде Лагерь деген участок болгон. Бул участок мурда Өзбекстандын карамагында болуп келсе, бүгүнкү күндө аталган участок бизге өткөн. Ал эми Лагерь участогунун жанында аянты боюнча кичине, талашка түшкөн жер тилкеси Өзбекстанга өткөн", - деп түшүндүрдү Мирзахмедов.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
03.06.2020. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Саттынарда тойбостор
03.06.2020. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба жок вирусту бар деген шылтоо менен элдин Бут уйго камап коюшуп, билген бокторун жеген экен, кийинки урпактарын ойлошуп кудайдан коркушса болот эле, Бир кундук жашоо менен жашашпай, ушуларды Соке карабай Кайда журот деги, ал ОЗУ тируубу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: