super.kg logo
  Саясат  

УКМКнын өкүлүнүн "Күбөлөр Саймаити "Азаттыктын" журналистине акча бергенин айтты" дегени боюнча "Азаттык" билдирүү таратты

 

Бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны өтүүдө. Анда УКМКнын өкүлү: "Күбөлөрдүн көрсөтмөсү боюнча Саймаити тарабынан "Азаттыктын" журналисттерине 100 миң доллар акча берилген" деп айтты.

Бул боюнча "Азаттык" радиосу билдирүү таратты. Анда "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун президенти Жейми Флай муну «журналисттерди каралоо» деп баалады деп жазылат.

"Эл аралык медианын президенти: «Бул айыптоо журналисттерге каршы өз байлыгын жана бийлигин сактап калууга умтулган коррупциялашкан адамдардын буга чейин жүрүп жаткан өнөктүгүнүн акыркы аракетиндей көрүнөт. Матраимов мырза журналист Али Токтакуновду жана «Азаттыктын» кыргыз кызматын сотко берип, былтыр декабрда кызматыбыздын банк эсеби камакка алынып, кийинчерээк кайра чыгарылган. Биз чындыкты бурмалаган мындай аракеттерди айыптап, кыргыз бийлигин иликтөөгө катышкан журналисттердин коопсуздугуна коркунуч келтиргендерди жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз» деп айтты", - деп жазылат анда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 11 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: