Баткендин Чечме айылы менен Өзбекстандын чектешкен аймагында абал туруктуу
Бүгүн, 2-июнга карата Баткен облсунун Кадамжай районунун Чечме айылы менен Өзбекстандын чектешкен аймагында абал туруктуу. Учурда чектеш аймактарда укук коргоочулар кайгуул жүргүзүп жатышат дейт Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматынан.
"Мамлекеттик чек ара кызматынын түзүмдөрүнүн кызматкерлери Баткен облусунда күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат. Эки өлкөнүн укук коргоочулары мамлекеттик чек араны бузуу, чек арадагы чыр-чатактарды болтурбоо жана алардын күчөп кетпөөсүн алдын-алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүшүүдө. Кыргыз өлкөсү менен Өзбекстандын чектеш аймактарындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт", - дешти мекеменин маалымат кызматынан.
31-майда Баткен облусунун Кадамжай районундагы Чечме айылынын жана Сох районунун Чашма айылынын тургундарынын ортосунда чыр чыккан.

