super.kg logo

АКШдагы баш аламандыкта 11 адам каза болду

 

Америка Кошмо Штаттарындагы баш аламандыкта 11 адам каза болду. Мындай абалга теги африкалык Жорж Флойддун өлүмү себеп болгон. Бул жөнүндө чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Ага ылайык, каза болгон 11 адам Чикаго, Детройт, Омаха, Девенпорт, Окленд жана Луисвилл шаарларында катталган. Алардын көпчүлүк бөлүгү теги африкалык адамдар болгон. Мындан сырткары баш аламандыкта болжол менен жүздөгөн адам жабыр тарткан. АКШдагы баш аламандык 8 күндөн бери уланып жатат.

Эске салсак, теги африкалык болгон Жорж Флойд жасалма чекти колдонуп, 20 доллар алган деген шек менен полиция кызматы тарабынан кармалган. Полиция кызматкерлеринин бири анын моюнун кысып, бул абалда алты мүнөт кармаган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ал эсин жоготкон. Маркум "Тез жардам" кызматы менен ооруканага жеткирилип, тилекке каршы, дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

Баш аламандык башталгандан кийин 4 полиция кызматкери жумуштан бошотулган. Алардын ичинен бирөө кокустан өлтүрүп алууга күнөөлөнүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.06.2020. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Негрлерди өзү илгертен кара терилүү деп шылдыңга алып келишкен.Ал убак түшүнүктүү го адамдардын аң сезими өсө элек болгон.А азыр баарысы жетиштүү,көп нерсеге түшүнүп калдык.Ошондо да бөлүнүп жүрөбүз.Мен митингди колдойм))))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: