Карантин учурунда телесабактарга тартылган бардык мугалимдерге ыраазычылык баракчалары берилди
Карантин учурунда телесабактарга тартылган бардык мугалимдерге министрликтин ыраазычылык баракчалары берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Министр Каныбек Исаков өзгөчө абал шартында аралыктан окутууга катышкан, телесабактарга тартылган бардык мугалимдерге ыраазычылык билдирди.
Мындан тышкары көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муунду окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери жана карантин учурунда телесабактарга тартылгандыгы үчүн 9 мугалим “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланган. Ушундай эле эмгеги үчүн 35 мугалимге Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы тапшырылганы айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
nargiz-sa

03.06.2020. 15:49
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш мугалимдер бир барак кагазга сүйүнүп материалдык вознаграждение жок болсо деле барбалаңдап жатышат да
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.