Талас. "Авангард", "Мекен ынтымагы" жана "Ата Мекен" партиялары добуштарды кайра эсептөөнү талап кылышууда
“Авангард”, “Ата Мекен” жана “Мекен ынтымагы” партиялары кечээ кечинде Талас шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын эшигин мөөр басып, протоколдору менен бирге бекитип салышты. Аталган партиялар добуштарды кайра саноону талап кылышууда. Комиссиянын өкүлдөрү мэриянын имаратында иштеп жатышат. Айта кетсек, Таласта 90 пайыз добуштар эсептелип бүтүп, “Республика” партиясы - 41,88 %, “Ата Мекен” - 11,71%, “Авангард” - 6,9% жана “Мекен ынтымагы” - 2,88% добушка ээ болушкан. Эске салсак, Талас облусундагы №6108-шайлоо участкасы боюнча соттук териштирүүлөр жүргүзүлүүдө. Ал эми бул участкада бюллетендерди таштоо боюнча кылмыш иши козголду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

