super.kg logo

Черногория коронавирус пандемиясын жеңип чыккан Европадагы алгачкы өлкө болду

 

Европада алгачкылардан болуп Черногория өлкөсү коронавирус пандемиясынын аякташын жар салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Черногория өлкөсүндө акыркы 28 күндөн бери коронавирус илдети катталган эмес. Ал эми илдетти жуктуруп алган бейтаптардын бардыгы айыгып чыккан. Аталган өлкө 2-июнда коронавирус пандемиясын жеңип чыккандыгын расмий түрдө билдиришти. Өлкө президенти май айынын башында эле Черногория COVID-19 пандемиясын жеңип чыккан Европадагы биринчи өлкө болгондугун айтып чыккан эле.

Бийлик театр, кино тармагынын ишмердүүлүгүнө жана үйлөнүү үлпөт тойлорун өткөрүүгө уруксат берген. Бирок иш-чарага 200дөн ашык адам катышууга болбойт.

Черногорияда коронавирус илдетин жалпы 324 киши жуктуруп алган, алардын ичинен 9 адам каза болсо, 315и айыгып чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
03.06.2020. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Словения Европада алгачкы болуп вирусту жеңди деп аттыңар элего
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: