super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңештин төрагасы парламенттик шайлоо коронавируска байланыштуу жылдырылышы мүмкүн экенин айтты

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков парламенттик шайлоо коронавируска байланыштуу жылдырылышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу ал "Спутникке" берген маегинде билдирген.

"Азыркы учурда коронавирус пандемиясы качан токтоорун эч ким так айта албайт. Биздин Саламаттыкты сактоо министрлиги эмес, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму да бул боюнча маалымат бере албай жатат. Андыктан күзүндө өтүүчү шайлоо да ушул пандемиядан көз каранды.

Өзгөчө абал - бул Баш мыйзамда жазылган өзүнчө бир чоң мыйзам. Ал өкүм сүрүп турганда, мыйзам боюнча, шайлоо өткөрүлбөйт. Эгер күзүндө абал азыркыдан курчуп кетип, кайрадан өзгөчө абал киргизүүгө мажбур болсок, анда парламенттик шайлоонун да мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн. Бирок баарыбыз гигиеналык эрежелерди сактап, бул оорудан арылуу аракетин көрөлү. Элибизден коронавирус батыраак чыгып кетсин", - дейт Жумабеков.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: