Иранда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 160 миңден ашты. Акыркы бир суткада 70 адам каза болгон
Иран өлкөсүндө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 160 миңден ашты. Алардын ичинен 8 миңден ашууну каза болду. Бул тууралуу Ирандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Киануш Жаханпур маалымат жыйында билдирген.
Анын айтымында, акыркы бир суткада 3 миңден ашуун жаран вирус жуктуруп алган. Мындай рекорддук көрсөткүч акыркы жолу 31-мартта катталган болчу. Иранда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 160 миң 696га жетти. Акыркы бир сутка ичинде 3144 киши бул илдетти жуктуруп алса, 70 бейтап каза болгон (19-февралдан бери коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 8012 кишини түздү). Ал эми бул инфекциядан 125 миң 206 адам айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.