"Кармалсаңар ооруканага жатасыңар". АКШдагы массалык баш аламандыктан UFC мушкеринин атасынын дүкөнү талкаланды
АКШдагы нааразычылык акциясынан улам орун алган баш аламандыктан UFC уюмунун мушкери Белал Мухаммаддын атасынын дүкөнү талкаланган. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Атаңдын 15 жылдан бери үй-бүлөсүн багып келе жаткан дүкөнүн, жакындарыңдын жана досторуңдун ишканаларын тоноп, талкалап жатканын көрүү абдан өкүнүчтүү. Эгер талап-тоногондор мага жолугуп калса, ооруканага барасыңар деп убада берем", - деп жазган мушкер.
Белал Мухаммад өзүнүн карьерасында жалпы 19 беттеш өткөрүп, анын 16сында жеңүүчү аталса, 3 жолу жеңилүү ызасын тартып калган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.