super.kg logo

Аптаптуу жай мезгилинде бетке туура кам көрүүнү билесизби?

 

Кыш мезгилинде беттин териси сууктан, шамалдан, имараттын ичиндеги кургак абадан, күн нурунун жетишсиздигинен жана абаныны температурасынын төмөндөшүнөн улам жабыркап, кургап кетет. Ал эми жай мезгилинде абанын температурасынын жогорулашы, жогорку деңгээлдеги нымдуулук, ультра сыя нурлардан улам териге кара тактардын пайда болуусу жана теридеги ашыкча тер бөлүп чыгаруу бездеринин активдүү иштөөсү беттин терисине терс таасирин берет. Сыртта жай мезгилинин 3-күнү. Мындай факторлорду алдын алуу жана бетке туура кам көрүүнүн бир канча эрежелери менен бөлүшөбүз.

Бетти тазалоо

Беттин терисине туура кам көрүүдөгу эң алгачкы жана маанилүү этаптардын бири бул - бетти тазалоо. Бетти күнүнө эки жолу (эртең менен жана кечинде) тазалоо шартка ылайык. Макияжды өчүрүүдө абдан зарыл болгон каражаттардын бири гидрофилдүү май. Андан сырткары бетти жуучу гель, лосьондор менен тазалоо керек. Ошондой эле бетти аптасына 2-3 ирет скраб менен тазалап турса болот. Жайдын күнү бетти бир канча жолу жууганга туура келет. Себеби аптаптуу күндөрү тер бөлүп чыгаруу бездери активдүү иштейт. Эгерде бетти талапка ылайык жууганга мүмкүнчүлүк болбой калса, нымдуу салфетка же тоник менен тазалап турууга болот.

Жайында макияждын кандай түрүн колдонууга болот?

Бетти тазалаган соң терини жумшартуучу же күндөн коргоочу бет май коюу керек. Зарыл учурда макияждын жеңил түрүн колдонууга болот. Жайында макияждын калыңдыгын мүмкүн болушунча азайтууга туура келет. Себеби макияждын калыңдыгы беттин терисине терс таасир берет. Мисалы кышында терини сууктан сактоо үчүн күндүзгү бет май, тоналдык бет май коюп, пудра менен жаап коёбуз. Ал эми жайында күндөн коргоочу же жумшартуучу бет май менен жеңил пудра коюп койсок, рахматын айтат. Жайдын күнү калың макияж менен сыртка чыгуу өтө ыңгайсыз экендигин айтпасак да белгилүү болсо керек.

Бет майды туура тандоо

Жай мезгилинде күндүн ультра сыя нурларынын таасиринен улам организмден меланин пигментинин бөлүнүп чыгышы активдешет. Мындан улам дененин ачык жерлерине сепкил, тактар пайда болот. Терини коргоо үчүн күндөн коргоочу бет майларды колдонуу керек. Күндүзгү бет май терини жумшартуучу эле болбостон, анын курамында гиалурон кычкылы, коллаген жана антиоксиданттык касиетке ээ болгон С жана Е витаминдери болушу кажет. Булар теринин кургап кетүүсүн, картаюусун, майда бырыштардын пайда болуусун алдын алат.

Ошондой эле аптаптуу жай мезгилинде ар дайым сумкаңызга салып жүрүү сунушталган дагы бир каражат бар. Ал күндөн коргоочу бет май. Аны теринин өзгөчөлүгүнө жараша туура тандоо керек. Ал беттин терисин күндүн зыяндуу нурларынан сактап, күндүн нурунан пайда болуучу кара тактарды алдын алат.

Беттин терисине кошумча кам көрүү

Терини аппараттык жол менен тазалоо, пиллинг, лазердик эпиляция да теридеги тактардын пайда болушуна себепкер болушу мүмкүн. Бул косметикалык процедураларды күз жана кыш мезгилдеринде кылуу сунушталат. Себеби жайында күндүн зыяндуу нурлары күч алып турган мезгил. Кургак жана сезгенчээк териге жумшартуучу жана азыктандыруучу сыворотка, чүпөрөк маскаларды колдонуу керек. Алар терини кургап кетүүдөн сактап, кан айланууну жакшыртат да терс факторлорго каршы турууга жөндөмдүүлүгүн жакшыртат. Ал эми майлуу териге тазалоочу чүпөрөк маскаларды колдонсо болот, алар теридеги ашыкча тердин жана майдын бөлүнүп чыгуусун жөнгө салууга жардам берет.

Жаш куракка жана теринин түрүнө карабастан, бардыгына сунуштала турган каражат бул жумшартуучу жана азыктандыруучу чүпөрөк маскалар. Аларды узак убакыт жол жүргөндөн кийин, узак убакытка күн нурунда жүрүп келгенден кийин же башка учурларда колдонуу керек. Жумшартуучу чүпөрөк маскалар териге нымдуулук берип, анын кургап кетүүсүн алдын алып, теринин табигый сулуулугуна кам көрөт. Ошондой эле күндөн коргоочу көз айнекти ар дайым жаныңызга алып жүрүүнү унутпаңыз. Себеби күн нурунан көз уялган сайын көздүн айланасына майда бырыштар пайда болот.

Туура тамактануу

Беттин терисине туура кам көрүүдөгү эң негизги делинген дагы бир эреже - туура тамактануу. Организмге жетишерлик деңгээлде суу ичүү жана жашылча-жемиштерди көп колдонуу керек. Организмге пайдасынан да зыяны көп болгон азыктар, таттуулар, тез даярдалуучу тамактар (фаст-фуд) бетке ар кандай тактардын, безеткилердин чыгуусуна, теринин майлуу болушуна шарт түзөт. Сулуу жана жаш болууну кааласаңыз эң алгач күнүмдүк колдонуп жаткан рационуңузга бир көз салып көрүңүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
04.06.2020. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар 2 саатта кундон коргоочу Бет майды жууп салып суйкош керекпи же устунон эле суйкой беребизби ар 2 саатта ? Билгендер жооп берип коюнуздар сураныч
04.06.2020. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Bolya8892, устунон эле
04.06.2020. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундон коргоочу кандай бетмайлар бар?
04.06.2020. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuyoo_bala,SPF деген,жогорку корсоткучторун алыныз,30-40 жарабайт биздин погодага
04.06.2020. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пудранын ордуна Bbкрем колдонсо боло бекен билгендер барбы, пудра бетимди кургатып салат
04.06.2020. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gospozhatsetok,сонун кушондор бар корейский Фаберлик компаниясында мага жакты
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: