super.kg logo

Таласта убактылуу кармоочу жайда отурган 25 жаштагы жаран суицид жасоого аракет кылган

 

Талас шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген 25 жаштагы жаран суицид жасоого аракет кылган. Ал өзүнүн курсагын жана сол колунун бир нече жерин кесип жиберген. Маалыматты Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурлан Абдыраимов ырастап, буларга токтолду.

"Окуя 30-майда түндө болуп, 31-майда облустук оорукананын фельдшери өзүнө кол салган жаранга медициналык кароо жасаган. Аталган окуядан кийин 25 жаштагы И.Т. Кара-Буура районундагы убактылуу кармоочу жайына которулган. Бул тууралуу 2-июнда изоляторго барганда белгилүү болду.

Анда өзүнө кол салган жаран ата-энесине кат жазып, алардан кечирим сураган. Ал эмне үчүн мындай кадамга барганын түшүндүргөн жок. Коркутуулар болуп жатканын билдирди, бирок ким тарабынан экенин айткан жок. Бүгүн, 3-июнда баланын апасы келип, ата-энеси уулунун өмүрү үчүн коркуп жатышканын айтты. Ал эми уулу арыз жазуудан баш тартып койду", - деди ал.

Нурлан Абдыраимов бул окуя боюнча топтолгон материалдарды прокуратурага жөнөтөрүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: