super.kg logo

УКМК "Азаттык үналгысынын" президентине расмий кат жөнөттү. Анда журналисттердин суракка келүүсүнө көмөктөшүү өтүнүчү айтылган

 

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети “Эркин Европа/Азаттык үналгысы” медиакорпорациясынын президенти Жейми Флайга расмий кат жөнөттү. Анда Айэркен Саймаитинин иши боюнча журналисттер Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун сурак берүүсү үчүн тергөө органдарына келишин камсыздоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү айтылганын аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Азаттык" радиосунун журналисттери жарыялаган Айэркен Саймайитинин иш-аракетине жана ага берилген документтерге байланыштуу сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат. Ведомстволор аралык тергөө тобу, анын ичинде коомдук резонанска айланып, депутаттык корпустун жана жарандык коомдун кызыгуусун жараткандыгын эске алуу менен ар тараптуу жана объективдүү иликтөөгө багытталган тергөө аракеттерин жүргүзүүдө.

Тергөө бир нече жолу "Азаттык" радиосунун журналисттерин суракка алууга, алардын колундагы, анын ичинде Саймаитиден алынган материалдар менен таанышууга аракет кылган. Саймаитинин ишмердүүлүгү боюнча журналисттик иликтөөнүн материалдарын даярдоого түздөн-түз катышкан журналисттер жана аны менен тыгыз байланышта болгондор азыркыга чейин суракка келише элек. Бүгүнкү күнгө чейин тергөөгө толук көлөмдө журналисттик иликтөөнүн убада кылынган материалдары берилген жок.

Буга байланыштуу УКМК тергөөнүн жыйынтыгын коомчулукка жеткирип, ага укуктук баа берүүгө багытталган бардык зарыл болгон иш-аракеттерин жүргүзүүдө. Бул үчүн журналисттер Мухаммедали Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун тергөө органдарына келишин камсыздоого көмөктөшүүсү камтылган расмий катты “Эркин Европа/Азаттык үналгысы” медиакорпорациясынын президенти Жейми Флайга жиберди.

УКМК берилген материалдарды мыйзам чегинде тастыктоого жана журналисттерге карата болгон коркутууларга байланыштуу тиешелүү чараларды көрүүгө даяр экендигин билдирип, "Азаттык" радиосунун журналисттеринин коопсуздугун толук камсыз кылууга кепилдик берет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(3)
03.06.2020. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журналистерге куну тушкон УКМК каяктан КРдин кызыкчылыгын коргой алат. Денгээли ушул биздин сыщиктердин.
isarti түзөттү 2020-06-03 21:55:44
03.06.2020. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
isarti, Элди бөлүп жарып туура эмес маалымат таркаткандардын сазайын бериш керек.
Азаттык АКШ нын сөзүн сүйлөйт.
03.06.2020. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Журналистер келбесин келсе Эгизбаевге окшоп олтуруп коет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: