Нарында сел каптаган үйлөрдүн короолорун кум, шагылдан тазалоо иштери жүрүп жатат (сүрөт)







Бүгүн, 3-июнда саат 16:00гө карата Нарын шаарында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен турак үйлөрдүн короолорун жана көчөлөрдү сел каптаганы маалымдалган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин саат 23:00гө берген маалыматына ылайык, коктудан келген суулар Чоң-Нарын каналынан ашып, сел суулары турак үйлөргө, чарбалык курулуштарга жана унаа жолдорго зыян келтирген. Министр Замирбек Аскаровдун тапшырмасынын негизинде жерине жалпы 48 куткаруучу, 3 унаа, 3 мотопомпа тартылган жана "Таза-Нарын" ишканасынан 1 грейдер, 1 экскаватор, "Суу канал" ишканасынан 1 суу сордуруучу унаа, облустук жана райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 4 грейдер, 5 экскаватор, 1 ХОВО тартылган.
Учурда 15 турак үйдүн короо-жайын кум, шагылдан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Кошумча маалымат берилет.

