Бразилияда бир сутка ичинде коронавирустан 1 миң 349 адам каза болду
Бразилиянын саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө бир сутка ичинде каза болгондордун саны 1 миң 349ду түзүп, инфекция жуккандардын саны 28 миңге көбөйдү.
Маалыматка ылайык, өлкөдө бир күн мурун сутка ичинде 1 миң 262 адам көз жумган.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, Бразилия коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча дүйнөдө экинчи орунда, өлүмгө учурагандардын саны боюнча төртүнчүдө.
Бүгүнкү маалымат боюнча 584 миң 16 адам вирус жуктуруп алса, айыккандардын саны 238 миң 617ге жетип, ал эми каза болгондордун саны 32 миң 548ди түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
ZUXRIDDIN20

04.06.2020. 09:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бразиляга чыныгы каргашалуу күндөр келдигоо. Аллах сактасын эми.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.