Депутат Бишкектин тегерегинде аткезчилик менен ташылып жаткан күйүүчү майды саткан жайлар көбөйүп жатканын айтты
Депутат Аалы Карашев Бишкек шаарынын жана жаңы конуштардын аймагында сатылып жаткан күйүүчү майга көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу ал 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Бул жааттагы аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү керек. Шаар тегерегинде аткезчилик менен ташылып жаткан күйүүчү майды саткан жайлардын саны эки эсе көбөйүп, көрүнгөн жерде канистрлер турат. Силердин орган экономикалык коопсуздук боюнча саясатты жүргүзүүчү ыйгарым укукка ээ. Эмнеге мындай жагдай жаралды?" - деген суроо салды Аалы Карашев.
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысынын орун басары Сагынбек Абдылдаев кызматкерлер күн сайын кыдырып текшерип жатканын, бирок алар аткезчилик менен ташылган каражаттарды соттун чечими менен гана конфискация кыла аларын, андан тышкары айып пулдун өлчөмү да өтө төмөн экенин айтты.






1 |