Бир суткада медициналык 7 кызматкерден коронавирус аныкталды. Анын ичинен төртөө Ош шаарында
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медициналык 7 кызматкерден коронавирус илдети аныкталды. Алардын арасынан экөө Бишкек шаарында, төртөө Ош шаарында, дагы бири Нарын облусунда экенин саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Сутка ичинде оорудан айыгып медициналык 5 кызматкер үйлөрүнө чыгарылды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 инфекциясы медициналык 371 кызматкерден табылган. Анын ичинен 270 медкызматкер ооруну жеңип, ооруканадан чыгып, көбү жумушка кайтканы маалым болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.