Депутат соода жүгүртүүнү улуттук валютада жүргүзүү боюнча өкмөттүн токтому аткарылбай жатканын билдирди
Депутат Жыргалбек Турускулов соода жүгүртүүнү улуттук валютада жүргүзүү боюнча өкмөттүн токтому аткарылбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал бардык соода жүгүртүүнү улуттук валютада жүргүзүүнү камсыздаган өкмөттүн токтому чыкканын эске салды.
"Бирок көзөмөлдүн жоктугунан чечим толук аткарылбай жатат. Өкмөт бул жаатта алгылыктуу аракеттерди көрүшү керек. Доллардын куну жогорулап, калкка оорчулук жаралууда. Мында коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбасына да көңүл бурсак", - деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.