super.kg logo

Коомдук унаанын ичи жүргүнчүгө 60-70 пайыз толгондой гана киши ташылышы керек

 

Бүгүн, 4-июнда автоунаа суу транспортунун жана салмактык өлчөм көзөмөлдөө агенттигинин директорунун милдетин аткаруучусу Арслан Касымалы уулу онлайн маалымат жыйын берип жатат.

"Коомдук жүргүнчү ташуучу унаалар тийиштүү болгон фирмалар менен толук кандуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Алар берилген алгоритмге жараша санитардык нормалардын так аткарылышы боюнча тапшырмаларды алышты.

Алсак, айдоочулар медициналык текшерүүдөн өтүп турушу шарт. Каттамга чыгарда жана иштин соңунда унаалардын бардыгы дезинфекцияланышы керек. Мындан тышкары айдоочулар сөзсүз түрдө медициналык бет кап жана кол кап кийип ишке чыгат деген көрсөтмө берилди. Унаанын ичи 60-70 пайыз жүргүнчүгө толгондой гана киши ташылышы талап. Андан ашык ташууга болбойт. Аталган эрежелер аткарылбаса, тийиштүү чаралар көрүлөт. Ошол эле маалда жүргүнчүлөр тарабынан дагы санитардык-эпидемиологиялык нормалар сакталышы керек",
- деди Арслан Касымалы уулу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: