super.kg logo

Штаб: "Бала бакчалардын кызматкерлери жумушка киришерден мурда медициналык кароодон өтөт"

 

5-июндан баштап мамлекеттик жана менчик бала бакчалар кайрадан иштеп баштары кабарланган.

Буга байланыштуу бүгүн, 4-июнда республикалык штаб билим берүү уюмдарынын жетекчилерине, мугалим, тарбиячыларына жана ата-энелерге карата эскертме маалыматын таратты.

Ага ылайык, мамлекеттик жана менчик бала бакчалардын кызматкерлери массалык түрдө COVID-19 вирусуна карата медициналык текшерүүдөн өтүшөрү маалымдалат.

"Ата-энелер үйдөн балдарга өздүк гигиенаны, социалдык аралыкты сактоону үйрөтүп, балдарды бет кап менен камсыздап, аны туура тагынууну үйрөтүүсү зарыл", - деп жазылат анда.

Шаардык эпидемияга жана эпизоотикага каршы комиссия тарабынан төмөнкү долбоорлор даярдалды:

  • Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин убактылуу ишмердүүлүгүнүн регламенти, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде билим алган балдардын ата-энелери толтуруучу анкета;
  • Мектепке чейинки билим берүү мекемелерине барганда өз баласынын ден соолугун камсыз кылуу боюнча ата-эненин милдеттенмесинин формасы;
  • Долбоорлор мамлекеттик органдар менен макулдашылат жана менчигинин түрүнө карабастан, Бишкек шаарынын аймагындагы бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан аткарылууга тийиш.

Маалым болгондой, Бишкек шаарында 87 муниципалдык, 13 ведомстволук жана 218 менчик бала бакча бар. Мэриянын жүргүзгөн мониторингине ылайык, жай мезгилинде бала бакчага 6000ге жакын бала барат жана 1600 кызматкер ишке тартылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.06.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо только Бишкек шаарындагы бала бакчалар эле иштеп баштайбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: