Акыйкатчы институту: "Блогер Элмир Сыдымановдун иши көзөмөлдө"
Блогер Элмир Сыдымановдун иши акыйкатчынын көзөмөлүндө. Бул тууралуу аталган институттун басма сөз кызматынан билдиришти.
"Элмир Сыдыманов кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынары менен эле, акыйкатчы Токон Мамытов бул ишти өз көзөмөлүнө алып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына кызматкерлерди жөнөткөн. Акыйкатчынын өкүлү бир нече жолу убактылуу кармоочу жайга барып, Элмир Сыдыманов менен жолугушуп, ага укуктук консультацияларды берген. Убактылуу кармоочу жайга барып жолугуп келгенден кийин акыйкатчы институтунун кызматкери блогердин жактоочусу менен да сүйлөшүп, Элмир Сыдымановдун апасы акыйкатчыга келип жолугуп, арызын калтырып кеткен.
Кийинчерээк, Элмир Сыдымановдун баш коргоо чарасы үй камагына алмаштырылгандан кийин, ал буга чейин жазган арызды кароосуз калтырууну өтүнгөн. Учурда Сыдымановдун иши Октябрь райондук сотунда каралууда. Акыйкатчы институтунун өкүлү Сыдымановдун процессуалдык укуктары бузулбашы үчүн сот отурумуна мониторинг жүргүзөт", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.






1 |