super.kg logo
  Саясат  

Ысык-Көл. Жети-Өгүз районунун акимин экинчи жолу шайлоо өтүүдө

 

Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акимин шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова билдирди. Анын  маалыматына караганда, шайлоо Жети-Өгүз районунун жергиликтүү кеңешинин биргелешкен жыйынынын депутаттары тарабынан өткөрүлүүдө. Белгилей кетсек, Жети-Өгүз районунда 13 айылдык кеңеш, 223 депутат бар. Бүгүнкү шайлоого 191 депутат катышууда. Акимдик кызматка 5 талапкер көрсөтүлүп, аларды өкмөттүн облустагы өкүлү Эмилбек Каптагаев тааныштырды. "Бардык талапкерлер квалификациялык талаптарга жооп берет жана жетекчилик кызматтарда тажрыйбалары бар. Азыркы тапта жабык формада добуш берүү жүрүп жатат, абал туруктуу",- деп айтылат маалыматта. Эске салсак, аталган райондун акимин шайлоо экинчи жолу өтүүдө, биринчи жолку шайлоодо 2 талапкер 2-турга өтүп, бирок алар тийиштүү  добушту ала алышкан эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: