super.kg logo

Көчөдөн өтүп бараткан адамдарга себепсиз кол салып, чокулап кеткен карга көпчүлүктү таң калтырды

 

Грузиянын Тбилиси шаарында көчөдөн өтүп бараткан адамдарга карганын эч себепсиз эле кол салып, чокулап кетип жаткандагы видеосу тараган.

Кийин белгилүү болгондой, карганын мындай жоругунан соң 5 адам ооруканага кайрылууга мажбур болушкан. Алардын жарааттары анча чоң болбогону менен кадимкидей дарылануудан өтүшкөн.

Карганын мындай агрессивдүү аракетин орнитолог, зоологдор балапандарын коргоп жатышы менен түшүндүргөн. Ошентсе да Тбилисидеги окуяны териштирүү үчүн атайын укук коргоо органдары тартылган. Ал эми карга кол салган аймактагы көчө чектөөгө алынганы маалымдалат.

Адистер өзгөчө жаз айынын аягында канаттуулар агрессивдүү болушарын айтышкан. Себеби ушул учурда алардын балдары жумуртка жарып чыгат. Көп учурда уясы бузулууга дуушар болгон канаттуулар балдарын коргоо үчүн ушундай аракеттерди көрүшөт.






Тбилиси, Грузия. "Көчөдөн өтүп бараткан адамдарга эч себепсиз кол салган карга көпчүлүктү таң калтырды"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.06.2020. 18:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Дагы жакшы ак терилүү адамга кол салыптыр. Эгер кара терилүү адамга кол салса негрлер расиз деп жатып калышмак.:)
04.06.2020. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Грузия,Тбилиси жөнүндө видеодо сөз болбоптур го.Мен Москвада деп түшүндүм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: