5-июндан 10-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп, жаан, айрым учурда мөндүр жаашы ыктымал
"5-июндан 10-июнга чейин Кыргыз өлкөсүнүн аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт", - деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан. Ага ылайык, жогоруда көрсөтүлгөн күндөр аралыгында өлкөдө мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.
"5-июнда күндүз, 6-7-июндарда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, 8-9-июнда республиканын кээ бир аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. 5-6-июнда айрым жерлерде мөндүр жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт", - деп жазылат анда.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын министрликтен эскертишти. Ошондой эле бул күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
кошулду

