ЭЛДИК КАБАРГА жооп: "Жүк ташуучу унаалар айланма жолдон жүрбөй айылды аралап өтүп, элдин нааразычылыгын жаратууда" дейт Папан айыл өкмөтүнүн башчысы



Буга чейин окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылынын тургундары жолду тосуп, бычак менен коркутуп жатат деп кайрылган. Бул тууралуу SUPER.KG порталы Папан айылынын башчысы Курбанбек Мияшевге байланышып, төмөндөгүдөй жооп алды.
"30-40 тонналык оор жүк ташуучу унаалар Папан айыл округунун 4-5 айылын аралап өтөт. Ал айылдардын көчөлөрү асфальттангандыгына карабастан, бүгүнкү күндө акыбалы начар болуп калды. Биз айдоочуларга түшүндүрүү иштерин дайыма эле жүргүзүп келебиз. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн атайын айылдын сыртында айланма жол бар. Айдоочулар ошол жол менен жүрбөй, айылды аралап өтүп, элдин нааразычылыгын туудуруп жатышат. Эл аларды тосуп, акча сурап же башка нерсе кылган жок. Болгону аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Айдоочулар айланма жол менен кетсе эч ким тоскоолдук кылбайт эле. Айыл аралап жүргөндө балдарыбызга коркунуч жаралбай койбойт экен. Кээде сүзүп алган учурлары дагы болгон. Алар менен түшүнбөстүк ушул маселеден улам чыгып жатат.
Эми дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Мен кечээ көмүр казган ишканалардын жетекчилерине дагы айткам. Силер жүктөп кетирип жаткан унааларга эскертүү берип койгула, айланма жол менен өтсүн деп. Эми ушул айдоочулардын баары эле Папан айыл округунун тургундары. Башка жактан келген айдоочулар айланма жол менен эле өтүшөт. Папандыктар моюну жоондукка салып эле айылды аралап өтүп жатышат. Элдин жолду тосконунун бирден бир себеби дагы ушул. Эми элге дагы түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз", - деди Папан айылынын башчысы.




1 |