Чек ара кызматынын ардагерлер кеңеши, Жоокерлердин энелеринин республикалык комитети Жогорку Кеңешке кайрылышты
Чек ара кызматынын ардагерлер кеңеши, Жоокерлердин энелеринин республикалык комитети Жогорку Кеңештин төрагасына жана депутаттарга кайрылышты.
Жоокерлердин энелеринин республикалык комитетинин төрайымы Уулкан Байгубатова атайын наамдарды аскер наамдары менен теңдөө боюнча мыйзам долбооруна каршы экенин айтты. "Жалпы аскердик уставга Жогорку Кеңештин кээ бир депутаттары мыйзамга өзгөртүү маселесин көтөрүп жатат. Искендер Матраимов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров, Талант Мамытов аттуу депутаттар киргизип жаткан өзгөртүүлөр бардык күч түзүмдөрдөгү аскер кызматкерлеринин тынчтыгын алып турат.
Устав боюнча аскердик наам бар. Катардагы жоокерден баштап генералга чейинки аскердик наам болот. Наамга татыктуу адамдар ээ болот. Атайын наамды аскер наамына теңдөө маселеси чыгып жатат. Бул аскер кызматкерлери үчүн эң чоң сокку. Бизде устав жөнөкөй эмес, керек болсо бул кан менен жазылган. Мыйзамга каршы туруп жатабыз", - дейт ал.

