Москвада өтүүчү Жеңиш парадына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Улуттук гвардиянын аскерлери катышат
24-июнда Москва шаарында өтүүчү Жеңиш парадына Кыргыз өлкөсүнүн атынан Улуттук Гвардиянын аскерлери катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Генералдык штабдын басма сөз кызматкери Гүлзат Жарашева билдирди.
"Учурда бул парадга катышуу үчүн Улуттук Гвардиянын 70тен ашык жоокери машыгууларды өткөрүп жатышат. Алар Москвага бир нече күн эрте барып, башка өлкөдөн келген жоокерлер менен чогуу машыгышат. Кетердин астында жоокерлердин бардыгы коронавируска каршы тест тапшырып, анан кетишет", - деди басма сөз кызматкери.
Буга чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу парадга 19 өлкөнүн армиясы чакырылгандыгын билдирген. Ошол эле учурда парадга президент Сооронбай Жээнбековдун дагы катышары белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

вирусун деле соз эле турбайбы демек.