super.kg logo

Байланыш комитетинин төрагасы онлайн билим берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жатканын айтты

 

"Региондорду "Санарип аймактын" жардамы менен өнүктүрүү өлкө жана аймактык деңгээлдеги башкаруучулук чечимдердин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатышы керек" деди Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоев. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарынын жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен санариптик диалог жүргүздү.

Дастан Догоев санариптик диалогдун жыйынтыгында саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык өнүгүү тармактарында санариптештирүү боюнча 2020-жылдын аягына чейин толук кандуу аткарыла турган бир катар маанилүү милдеттер коюлганын белгиледи.

"Биринчиден, бул калктын санариптик жөндөмүн өстүрүү, ошондой эле өлкө жарандарынын санариптик маалымат технологияларын колдонуудагы мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу", - деди комитеттин төрагасы.

Ал коронавирус пандемиясына байланыштуу түзүлгөн кырдаалда улуттук экономиканын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн экономиканын ар кайсы тармактарында санариптик технологияларды натыйжалуу жана комплекстүү киргизүү зарылдыгына токтолду.

"Сооронбай Жээнбеков электрондук коммерцияны өнүктүрүү жана ошондой эле жогорку технологиялар паркынын резиденттеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк потенциалын жогорулатуу үчүн шарт түзүү боюнча иштерди күчөтүүнүн маанисине көңүл бурду", - деди Дастан Догоев.

Догоев онлайн билим берүү маселесине өзгөчө көңүл бурулуп жаткандыгын кошумчалады.

"Азыркы пандемия кырдаалы жаңы мүмкүнчүлүктөрдү берди, анын ичинде Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү жаатында санариптик технологияларга өтүү жана ишке ашырууда санарип технологиялардын эсебинен сезилээрлик жана олуттуу жыйынтыктарга жетишти", - деди Дастан Догоев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: