super.kg logo

АКШда тик учак кырсыгынан каза болгон адам кырсык болорго бир нече мүнөт калганда селфи кылып сүрөттү апасына жиберген

 

АКШда тик учак кырсыгынан каза болгон 39 жаштагы Дэниел Шедд аттуу адам кырсык болорго беш мүнөт калганда апасына достору менен чогуу селфиге түшүп жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, окуя 31-майда болгон. Анда Дэниел Шедд жогорку окуу жайда чогуу окуган үч досу менен төрт кишилик тик учак менен учушкан. Кырсык болорго 5 мүнөт калганда Шедд апасына достору менен чогуу селфи кылып сүрөтүн жиберген. Беш мүнөттөн кийин тик учак Иллинойс штатындагы Карлинвилл шаарына жакын жерде кулаган.

Шеддин атасы баласы биринчи жолу тик учак менен учканын жана ал бул убакытты көптөн бери күтүп жүргөнүн айткан. Ал эми тик учак эмне себептен кулаганы азырынча белгисиз.

Басылмалар жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, катышуучулардын дээрлик жарымы сонун селфи үчүн өмүрүн тобокелге салууга даярдыгын айтышкан. Мисалы, мыкты сүрөткө түшөм деп жардын кырына турганын билдиришкен. Ар бир онунчусу жакшы кадр тартам деп травма алгам деп жооп берген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.06.2020. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Олоор алдында да суротко тушуп калгыла.
06.06.2020. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу олбой башкалардын да жанын ала кетиптир...жаналгычтай болуп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: