super.kg logo

Япониянын премьер-министри Москвада өтүүчү Жеңиш парадына келбей тургандыгы айтылууда

 

Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Москва шаарында өтө турган Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган Жеңиш парадына келбей тургандыгы айтылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жызышууда.

Маалыматка караганда, алгач Синдзо Абэ 9-майдагы иш-чарага катышууну, ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путинге жолугушууну пландап жатканы кабарланган. Бирок дүйнө жүзү жапа чегип жаткан коронавирус пандемиясынан улам ал бул иш-чарага катыша албай тургандыгын билдирген.

Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына арналган Жеңиш парады коронавирус пандемиясынан улам 9-майдан 24-июнга жылдырылган. Жеңиш парадына мурунку Советтер Союзунун курамындагы өлкөлөрдүн башчылары чакырылган.

Мындан сырткары парадга Кыргыз өлкөсүнүн президенти Сооронбай Жээнбековдун дагы катышары белгилүү болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
06.06.2020. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келбесе келбейт да аны эмнеге саясатка аралаштырып тим эле чооң жаңылык кылып чыгара коёсуңар да
06.06.2020. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Япония экинчи дүйнөлүк согушта немецтер тарапта болгон, ошон үчүн буларга парад кызыктырбайт да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: