Өзбекстанда коронавирус пандемиясы менен жабыркагандардын саны 3965ке жетти
Өзбекстанда COVID-19 инфекциясы менен жабыр тарткандардын саны 3 миң 965ке жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн расмий маалыматтарына таянып чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазышууда.
Ага ылайык, Өзбекстанда бир суткада 26 адамдан вирус аныкталды. Бүгүнкү көрсөткүч менен аталган өлкөдө жалпы 3 миң 965 адам вирустун туткуну болгон.
Учурдагы маалыматка ылайык, жалпы 3 миң 965 адам COVID-19 инфекциясына кабылса, 3 миң 87 бейтап оорудан сакайган. 16 адам бул дүйнө менен кош айтышкан.
Өзбекстанда алгач 15-мартта коронавирус менен алгачкы адам катталган. Мындан тышкары өлкөдө карантин 15-июнга чейин узартылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.