Орусияда акыркы бир сутка ичинде 8 миң 726 адамдан коронавирус аныкталып, 144 адам каза болду
Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутканын ичинде коронавирус инфекциясы 8 миң 726 адамдан аныкталды. 144 адам каза болсо, 8 миң 57 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 1 миң 855;
Москва облусунда - 762;
Санкт-Петербург шаарында - 378;
Нижегород облусунда - 330 адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 449 миң 834 адамдан коронавирус аныкталды. 5 миң 528 адам каза болсо, 212 миң 680 бейтап айыгып чыкты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:44
2025-06-29

18:9
2025-06-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.