super.kg logo

Дээрлик 5 айга жакын убакыт бою коронавирустан дарыланып жаткан кытайлык дарыгер каза болду. Анын терисинин өңү карарып кеткен

 

Кытайдын Ухан аймагынан чыккан дарыгер коронавирустан каза болду. Ал 4 айдан ашык убакыттан бери бул илдеттен дарыланып жаткан. Бейтаптын боору коронавирустан улам жабыркап, анын кесепетинен бейтаптын терисинин өңү карайып кеткен. Чет элдик маалымат каражаттарынын жазганына ылайык, дарыгер Ху Вэйфэнден коронавирус инфекциясы ушул жылдын январь айында тастыкталган.

Дарыгердин абалы март айында жакшырып, жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылып, жалпы палатага которулган. 22-апрелде бейтап инсультка кабылып, ал эми бир айдан кийин экинчи ирет инсульт алган. Коронавирус инфекциясынан улам бир катар оорулары курчуп кеткен дарыгер 2-июнда кайтыш болот.

Ху Вэйфэн Ухандын борбордук ооруканасында иштеген. Муну менен аталган оорукананын 6 кызматкери коронавирустан каза болду деп айтылат маалыматта.

Буга чейин интернетке коронавируска кабылган эки кызматкердин териси карайып кеткени тууралуу маалыматтар, сүрөттөр тарап кеткен. Алардын бири Ху Вэйфэн болчу. Кийинчерээк бейтаптардын терисинин карайып кетүүсү коронавирустун организмге тарап, боорду жабыркатуусунан улам гормоналдык баланстын бузулуусу менен түшүндүрүлгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(6)
05.06.2020. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Эркекче тажадым уже каронавирус,карантин,самоизалация ушуга окшогон жанылыктардан качан жолдор ачылып самалеттор учуп жашоо мурунку калыбына келет экен.
leilekstan_1987 түзөттү 2020-06-05 17:11:34
05.06.2020. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Тери кантип бурулуп кетет?
05.06.2020. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
maksymtegin,ошону айт тери бурулуп эмес, тери и карарып озгоруп кеткен деп жазыш керек болчу! Супер де да бут акчага буткондор окшойт))
05.06.2020. 22:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кудай сактасын.Тооба кылдык.
05.06.2020. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой козуда чоноюп тусу карарып калган демекчисинерби? Кытай эмес негрго
09.06.2020. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козу чоноюп чачы тармал болуп кетет экенда хмммммммм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: