super.kg logo
  Спорт  

Азия чемпиону Арсалан Будажапов акча чогултуп, аз камсыз болгон мекендештерине азык-түлүк таратты

 

Азия чемпиону Арсалан Будажапов Орусиянын Бурятия Республикасындагы аз камсыз болгон мекендештерине элден акча чогултуп, азык-түлүк таратты. Бул тууралуу Арсалан өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөгөн.

Маалыматка ылайык, Арсалан Будажапов аз камсыз болгондорго жардам берүү үчүн акча чогултуу тууралуу видео кайрылуу жасаган. Ал элден жалпы 15 миң рублдан ашык акча чогултуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты.

Эске салсак, Арсалан Будажапов быйыл февраль айында Индиянын Нью-Дели шаарында өткөн күрөш боюнча Азия чемпиондугунда эркин күрөш боюнча 79 килограмм салмакка чейинкилер арасында Кыргыз өлкөсүнүн атынан катышып, алтын медалга ээ болгон.






Азия чемпиону Арсалан Будажапов аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: