super.kg logo

Республикалык штаб: "Базарларда вирусту жуктуруунун жогорку тобокелдиги байкалууда"

 

Бүгүн, 5-июнда республикалык штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйындын жүрүшүндө үй карантинин сактоо, коомдук жайларда дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү боюнча маселелер талкууланды.

"COVID-19 илдетин жуктургандардын бири инфекцияны шаардын үч ири базарынын биринен жуктурушу мүмкүн. Буга байланыштуу муниципалитетке бардык көзөмөлдөөчү санитардык-эпидемиологиялык чараларды күчөтүү сунушталды. Базарларда вирусту жуктуруунун жогорку тобокелдиги байкалууда, көпчүлүк жарандар бет кап тагынбай жана аралыкты сактабай жатышат.

Бишкек мэриясынан маалымдашкандай, калаанын бардык базарларында бирдиктүү стандарт киргизилген, ага ылайык бул мекемелердин жетекчилиги санитардык талаптардын сакталышы үчүн жоопкерчиликти алат. "Дордой" базарында күн сайын дезинфекциялоо жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү мекемелерин ачууга даярдоо боюнча маалыматы угулду.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова тиешелүү алгоритм иштелип чыккандыгын, санитардык-эпидемиологиялык талаптар бекитилгенин, социалдык аралык эрежелерин сактоону эске алуу менен жаңы ыкма иштелип чыккандыгын билдирди.

"Биз усулдук ыкмаларды балдар топтошуп ойнобой тургандай кылып өзгөртүп, социалдык аралыкты сактоо эске алынган оюндарды киргизип жатабыз. Кийинки аптада тарбиячылар үчүн тренингдер өткөрүлөт. Биз ата-энелерге балдарды өтө зарыл шартта гана бала бакчага жөнөтүүнү сунуштайбыз. Эгерде баланы карай турган адам болсо, анда коопсуздук максаттарында баланы үйгө эле калтырган оң болот", - деди ал.

Министрдин орун басары мектептердин бүтүрүүчүлөрүнүн Жалпы республикалык тестти тапшырууларына даярдык көрүү иштери тууралуу айтып берди. Быйыл бул тестти 41 миңден ашуун адам тапшырат. Тест алына турган имараттарда тийиштүү аралык сакталып, санитайзерлер орнотулат, тепловизорлор менен дене табы текшерилип, медициналык кызматкерлер нөөмөттө турушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.06.2020. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким айтты дордой базарында кундо дезинфекциялоо иши кундо болуп атат деп калп малыммат коруп атабызго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: