super.kg logo
  Спорт  

Америкалык UFC мушкери машыгуу учурунда аны орусиялык мушкер нокаутка учуратканын айтты

 
Забит Магомедшарипов

Америкалык UFC мушкери Алджамейн Стерлинг машыгуу учурунда аны орусиялык мушкер нокаутка учуратканын айтты. Бул тууралуу Стерлинг америкалык басылмаларга берген маегинде айткан.

"Бир жолу мен машыгуу учурунда нокаут абалына түшкөм. Бул ким десеңиздер, ал орусиялык мушкер Забит Магомедшарипов болчу. Мен ага чейин, анын ким экенин жана кандай мушкер экенин билчү эмесмин. Жыйынтыгында Забит мен үчүн коркунучтуу болуп чыкты. Ал мага ар тараптан сокку уруп, мени сабап кирди. Менде ал учурдун видеосу бар. Бул учур чындыгында эле мен үчүн кооптуу болгон", - деген Алджамейн Стерлинг.

Забит Магомедшарипов өзүнүн карьерасында жалпы 19 беттеш өткөргөн. Анын ичинен 18 жолу жеңүүчү аталса, 1 жолу жеңилүү ызасын тартып калган. Ал эми америкалык мушкер Алджамейн Стерлинг жалпы 21 беттеш өткөрүп, анын ичинен 18 жолу жеңишке жетсе, үч жолу жеңилүү ызасын тартып калган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.06.2020. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Экөөбү тең 18 жолудан жеңишке жеткен болсо, абалдары бирдей эле экен! Бирок спортто күч атасын тааныбайт дейт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: