super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд негизделди

 

Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд негизделди. Маалыматты төкмө акындын кызы, фонддун негиздөөчүсү Айзуура Иманалиева билдирди.

"Ый менен адамды артка кайрый албайт экенбиз. Мындай оор жоготууну экинчи ирет жашап жатабыз. Түшүмдѳ атамды кайрадан тирилтүү менен убарамын. Мындайда ойгонгум келбейт…

Бирок ѳзүмдү колго алып, экинчи ѳмүрүн узак жылдарга жашатууну тилек кылып, атамдын бир туугандары менен биргеликте "Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фондун" ачууну туура көрдүк. Анткени учурда атамдын талантын баалап, анын иштеринин улануусуна кызыкдар замандаштарыбыз бар экен. Бул албетте, көңүл жылытат. Ошондуктан чар-жайыт иш жүргүзбөй, бир фонддун алдында иш алып барсак туура болчудай. Анын үстүнө ѳлгѳн адамдын атын жамынып, каражат табуунун айласын кылгандарды да кѳрүп келгенбиз. Биз андай жоруктарга жол бербей, моралдык жоопкерчиликти колго алдык. Бул фонд коммерциялык эмес, материалдык пайда табууну көздөбөйт, буюрса, адамдын жан дүйнѳсүн азыктандырчу казына болот. Фонддун төрагасы болуп атамдын бир тууган агасы дайындалды. Кызыкдар тараптар менен кызматташууга даярбыз", - дейт ал.

Төкмө акындардын төрөсү болгон акын, обончу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Элмирбек Иманалиев 20-апрелде оорудан улам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
06.06.2020. 06:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул акын кыргыздын журогундо жашайт.Фондду туура кылыпсынар азаматсынар.Эми туулган кунуно карата эл аралык айтыш уюштуруп койсонор анданда сонун болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: