super.kg logo

Нью-Йорк шаарынын мэри нааразычылык акциясына катышкан бардык жарандарды коронавируска тест тапшырууга чакырды

 

АКШнын Нью-Йорк шаарынын мэри нааразычылык акциясына катышкан бардык жарандарга кайрылып, коронавируска тест тапшырууга чакырды. Бул тууралуу шаар мэри Билл де Блазио күндөлүк жыйында билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мэрдин айтымында, илдетти жуктуруу тобокелчилиги өзгөрүүсүз бойдон калууда. Массалык топтолуулардан улам инфекцияны жуктуруп алгандар көбөйүшү толук мүмкүн. Андыктан жарандарды социалдык аралыкты сактап, медициналык бет кап тагынып жүрүүгө жана 25-майдан бери өтүп жаткан нааразычылык акциясына чыккан болсо, тест тапшыруусуна чакырам деген мэр.

АКШдагы нааразычылык акциясы 25-майда Миннесота штатындагы Миннеаполис шаарындагы полиция тарабынан кармалган 46 жаштагы теги африкалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган. Флойдду кармаган полиция кызматкери Дерек Човин кыйноо жолу менен аны өлтүрүп койгон. 29-майда полиция кызматкери адам өлтүргөн деген айып менен камакка алынган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: