super.kg logo

Япониялык белгилүү инфекционист коронавирустун экинчи толкуну боло тургандыгын айтты

 

Япониядагы белгилүү инфекционист дарыгер Акихиро Сато дүйнө жүзүнө кучагын кеңири жайган коронавирус инфекциясынын экинчи толкунунун ыктымалдуулугун 90 пайыз деп баалады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, экинчи толкун качан болорун так айтуу азырынча мүмкүн эмес. Бул вирустун экинчи толкуну күз же кыш айында болуу ыктымалдуулугу жогору. Бирок экинчи толкун жайында болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Акихиро Сато жай мезгилинде вирус жоголуп кетет деген пикирге кошулбай тургандыгын билдирген. Себеби аба ырайы ысык болгон Азиядагы Таиландда, Түштүк Америкадагы Бразилияда коронавирус катталып эле жатат. Аптаптуу мезгилде вирус жоголот же экинчи толкуну болбойт деп айтууга болбойт. Абанын температурасы вирус менен тиешеси жок деген пикирин айткан.

Дарыгер коронавирустун экинчи толкуну коркунучтуу болорун айткан. "Дүйнөдөгү калктын көпчүлүгү бул илдетке кабылган жок. Вирустун экинчи толкунуна туруштук берип, аны жеңип чыгуу үчүн медициналык кызматкерлер койгон талаптардын баарын так сактоо керек. Ар бир жаран өзүн-өзү изоляция кылып, эл көп топтолгон жерден колдон келсе оолак болуу керек. Коомдук жайларга барганда сөзсүз бет кап тагынып, санитардык-гигиеналык эрежелерди сактоо керек. Ошондой эле социалдык аралыкты сактоо дагы өтө маанилүү", - деген Акихиро Сато.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: