Кыргыз жана Кытай тарап «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу маселесин талкуулашты

Кыргыз жана Кытай тарап «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу маселесин талкуулашты.
Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын аянтчасында видеоконференция режиминде Кытай эл республикасындагы бажы башкармалыгынын башчыларынын жыйыны өткөрүлдү.
Жыйын жүрүшүндө тараптар мамлекеттик чек аранын Кыргыз-Кытай тилкесинде жайгашкан «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу маселесин талкуулашты. Кыргыз тарап жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын ПЦР тесттерди тапшыруусу каралган жаңы алгоритмди сунуш кылды. Бул алгоритм бизнес-коомчулук менен макулдашылды, аны учурда кошуна өлкөлөр дагы иш жүзүндө колдонууда. Кытай тарап сунушталган алгоритмди кыска мөөнөттө карап чыгып, «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу боюнча зарыл шарттардын тизмесин жөнөтөрүнө ишендирди.
Тараптар берилген сунуштарды кароонун жыйынтыгы тууралуу өз ара маалымат берип турууга жана зарылдыгына жараша видеоконференция түрүндө кезектеги жыйынды өткөрүүгө макулдашты.
Бүгүнкү күнү «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө жайынын ишин жандандыруу боюнча тараптардын ортосундагы иштер уланууда.

