super.kg logo

Автокырсыкта Нарын дарыясына чөгүп кеткен 2 жашар бала табылды

 
4-сентябрь күнү Жалал-Абаддын Кара-Көл шаарында автокырсык болуп, 6 адам каза тапкан. Анда сууга чөгүп кеткен 2 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бүгүн, 6-сентябрда ӨКМнын куткаруучулары Суучулдарды даярдоо борборунун 4 суучулу менен бирге издөө иштерин жүргүзүп, саат 11:30 чамасында 2011-жылы туулган Нуртегин Абдыназаровду табышты. Анын денеси 14-16 метр тереңдиктен табылды. Баланын денеси ИИМдин Кара-Көл ШИИБинин кызматкерлерине тапшырылды. Эске салсак, 4-сентябрь күнү Бишкек-Ош унаа жолунда Нарын дарыясына Хонда-Степвагон унаасы жүргүнчүлөрү менен түшүп кетип 6 адам каза таап, 2 адам жаракат алган. Каза тапкандардын бири 2 жашар Нуртегин сууга агып кетип издөө иштери жүрүп жаткан.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
06.09.2013. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы табылып калыптыр Жакындарына женилирээк болот
06.09.2013. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2 жашар балага жаман болуптур баарынанда
14.09.2013. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай рахматы кылсын,жаткан жери жайлу болсун,менин айылдаштарым болчу!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: