super.kg logo

Өлкөдө массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда COVID-19 инфекциясын жуктургандар көбөйдү

 

Массалык үй-бүлөлүк же салттуу иш-чаралар учурунда COVID-19 инфекциясын жуктургандар көбөйдү. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды.

«Ар кыл үй-бүлөлүк, салттуу иш-чараларга катышкан соң жарандар өздөрү келип кайрылган учурлар көбөйдү. Өткөрүүгө тыюу салууларга, сунуштарга карабастан, жарандар кош көңүл мамиле жасап жана көп санда чогулууну улантышууда. Жыйынтыгында тойлордун, тажыялардын жүрүшүндө илдетке кабылышууда», - дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баса белгилегендей, жергиликтүү бийлик органдары тиешелүү иштерди жүргүзүп, бул маселени көзөмөлгө алууга тийиш.

Жыйындын жүрүшүндө борбор калаада эпидемиологиялык териштирүү жетишсиз жүргүзүлүп жатканы сынга алынды.

«Бишкектеги эпидемиологиялык кырдаал тынчсыздандырат, статистика азайган жок. Санитардык эрежелер жакшы сакталбай жатат. Мунун баары кошумча коопсуздук чараларын киргизүү же аларды күчөтүү маселесин кароого алып келет. Жарандар өздөрү кайрылган учурлардын бардыгы көбүнчө эпидемиологиялык топтордун ишинин жетишсиздигин жана алардын кемчиликтерин күбөлөндүрүп турат», - деген Кубатбек Боронов үй карантининдеги адамдарга күчөтүлгөн көзөмөлдү улантууну кошумчалады.

Республикалык штаб «Торугарт» өткөрмө пунктунун ишин жандандыруу маселесин талкуулады. Тармактык мамлекеттик органдарга текшерүү алгоритмин иштеп чыгуу жана башка маселелер боюнча бир топ тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасына иштөө максатында чет өлкөлүк адистердин (анын ичинде ЕАЭБ жарандарынын) келүү маселеси каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: