Москва-Бишкек каттамы менен 460 жаран өлкөгө келишти




Бүгүн, 7-июнда өлкөгө Москва-Бишкек каттамы менен 460 жаран келди. Алардын арасында эки жашка толо элек 68 наристе бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылганы айтылат маалыматта.
7-июнда Москвадан Бишкек шаарына чартердик каттам менен 176 кош бойлуу аял, 86 балалуу айым, 34 оорукчан, 25 улгайган жаран, 34 хостелдердеги аял, ошондой эле жакындарын жоготкон 8 жаран жөнөтүлгөн. Бардык кош бойлуу аялдар жана оорукчандар оорусу жана кош бойлуулугу тууралуу тийиштүү маалымкат жана чартердик каттам менен учууга уруксат кагаздарын тапшырышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

"Келген бардык жарандар обсервацияга жайгаштырылганы айтылат маалыматта" жазып койгонго!