super.kg logo

Депутат мектептерде дин таануу жана Манас таануу сабагын киргизүү кечигип жатканын айтты

 

Депутат Руслан Казакбаев мектептерде дин таануу жана Манас таануу сабагын киргизүү кечигип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Дин таануу маселеси бизде эле эмес, көп өлкөлөрдүн мектептин программаларына киргизүү талкууланып келет. Көпчүлүгүндө киргизилип калды. Бизде ушул талаш-тартыш маселе болду эле. Дин таануу сабагын киргизүү керек. Ошону менен кошо Манас таануу сабагын да киргизүү зарыл деп окуу китептери даярдалды эле. Азыркы убакта мектептерде бул сабактар окутулуп жатабы?", - деп сурады депутат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Манас таануу сабагы жогорку окуу жайларда киргизилгенин белгиледи. "Ал эми мектепте кыргыз адабияты, тарых сабагына киргизилген. Дин маданиятынын тарыхы боюнча окуу китептер даяр болсо, окуу планына киргизүү мерчемделүүдө", - деди министрдин орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: