super.kg logo

"Бишкекте ата-энелер бала бакчалар кыргыз тилинде болсун деген кайрылууларды жөнөтүп жатышат" дейт билим берүү министринин орун басары

 

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Зиядин Жамалдинов бала бакчалар кыргыз тилинде болушу керектинин айтты.

"Бүгүнкү күндө бала бакчалар орус тилинде болуп жатат. Эмне үчүн ошолорду кыргыз тилине өткөрбөйсүздөр? Кыргыз өлкөсүндө жашап, кыргыз тилин билбей калгандар мектептерден, бала бакчалардан чыгып жатат", - деди депутат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова бул багытта түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ата-энелер менен сүйлөшүп жаткандарын айтты. "Ата-энелерде кызыктай түшүнүк болуп жатат. Үйдө кыргызча сүйлөйт, кыргызчаны унутпайт. Бала бакчага барып, орус тилин үйрөнүп алсын деп жатышат. Бул багытта түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бишкекте ата-энелер бала бакчалар кыргыз тилинде болсун деген кайрылууларды жөнөтүп жатышат", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: