Жалпы республикалык тестирлөөгө өлкө боюнча 41 миң 727 окуучу катталды
Быйыл өлкө боюнча жалпы 41 миң 727 окуучу Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өттү. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров онлайн брифинг учурунда айтты.
"ЖРТга каттоо 15-майга чейин жүргүзүлгөн. Азыркы күндө жалпы 41 миң 727 абитуриент катталды. Тестирлөө быйылкы жылы үч этап менен өтөт. Биринчи этап 21-июнда негизги тест боюнча, 22-июнда кошумча предметтер боюнча тест тапшырышат. Экинчи этап 24-25-июнда өтөт. Ал эми үчүнчү этап болсо, 11-12-июль күндөрү өткөрүлөт", - деди министрдин орун басары.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:37
2025-07-27
17:51
2025-07-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.