super.kg logo

Украинада 1 жаштагы наристени бала бакчанын ээси жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүп алган

 

Украинанын Запорожье шаарындагы менчик бала бакчанын ээси 1 жаштагы кызды жаздык менен тумчуктуруп өлтүрүп алган. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Окуя 29-майда болуп, жерине чакыртылган "Тез жардам" кызматы наристенин каза болуп калганын аныктаган. Ошол эле күнү укук коргоо органдары 51 жаштагы бала бакчанын ээсин камакка алган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү аял 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Окуя аталган бала бакчанын видео көзөмөлүнө түшүп калган. Анда көрүнгөндөй, аял наристени алгач диванга жаткырып, бетине жаздыкты жаап туруп байлап, андан соң башка бөлмөгө көтөрүп кеткен. Кылмышка шектүү наристе тынымсыз ыйлаганын жана кусуп жибергенин айтып, актанууга аракет кылган. Аял видеонун жарымын жок кылууга жетишкени менен башка жакта сакталып калган видео аркылуу ага "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши ачылган.

Кийин белгилүү болгондой, шектүү 3 бөлмөлүү үйдү менчик бала бакча катары иштетип келген, бирок ага тиешелүү документтери да, уруксаты да жок болуп чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(5)
08.06.2020. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жырткыч экен да. Ата энесине сабыр. Ата энеси экоо тен иштеп айла жок бакчага берсе кк да.
08.06.2020. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ишке алып жатканда адамдардын психикасында текшериш керек окшойт.
09.06.2020. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлтүрүп алган эмес эле, атайлап эле өлтүрүптүр го
09.06.2020. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу алар мыкаачы келишет
09.06.2020. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атайын эле олтуруптур корунуп эле туратго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: