Баткенде бир түндө өлтүрүлгөн 4 адамдын аты-жөнү толук такталды
5-сентябрь күнү өлтүрүлгөн бир үй-бүлөдөгү 4 адамдын аты-жөнү толук такталды. Алар:
Үй ээси Тажибай Эралиев, 1954-жылы туулган, учурда ооруканада жатат
Рахат Эралиева, жубайы, 1951-жылы туулган
Каныбек Эралиев, уулу, 1986-жылы туулган
Аида Байзакова, келини, 1990-жылы туулган
Каныбек кызы Мадина, үй ээcинин небереси, 6 айлык.
Баткен РИИБи кылмышкерлер кырсык болгон түнү бул үй-бүлөгө таандык дүкөндү тоноп кеткенин кабарлады. Үй-бүлө соода-сатык менен алектенишчү экен. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

